Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Орус оппозициясынын өкүлү Мохнаткин төрт жарым жылга кесилди


Бүгүн Орусияда оппозициячыл Сергей Мохнаткинге полицияга кол салды деген айып менен төрт жарым жыл абакта отуруу чечими сырттан жарыяланды.

Ага 2013- жылдын 31-декабрында “Стратегия 31” деген топтун катарында жарандардын тынч чогулуу укугу бузулуп жаткандыгы тууралуу каршылык протест учурунда эки полиция өкүлүнө кол салган деген күнөө менен иш козголгон болчу.

Мохнаткин акыркы соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, сырттан соттолду.

Ал ушундай эле айып менен 2009-жылы эки жарым жылга абакка кесилгенден кийин коомчулукка таанымал болгон.

Мохнаткин 2012-жылдын апрелинде Орусиянын мурдагы президенти Медведев жарыялаган мунапыстын негизинде боштондукка чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG