Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Каримов: Борбор Азиядагы радикал ислам менен күрөшкө Орусия жардам бере алат


Исламдын радикалдашуусу күчөп жаткан Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылууга Орусия жардам бере алат. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Ташкентте Владимир Путин менен жолугушуу учурунда айтты.

- Азыр Ирактагыдай кырдаал кайталанышы мүмкүн. Сирия жана Ирактагы согушкерлер Ооганстанга өтүп жатканы маалым болууда, - деди Каримов.

Орус президенти Владимир Путин Өзбекстандын мындай кооптонуусун жакшы түшүнөрүн, себеби “Орусия өзү да Түндүк Кавказда согушкерлер менен күрөшүп жатканын” айтты.

Путин Ташкентке Каримовдун чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен барган. Ал эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн Өзбекстандын 890 миллион долларлык карызын кечүүгө даяр экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG