Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Кыргыз-өзбек чек арачылары жолугат


12-декабрда Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугат. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматынын маалымат борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө чек арасындагы абал, быйылкы жылдагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Кызматтын маалыматы боюнча, быйыл кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактардын саны кыскарган. Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын коңшулар менен чек арасында 40 окуя катталса, анын бешөө кыргыз-өзбек чек арасында орун алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG