Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Электр энергияcына жана жылуулукка жаңы тариф күчүнө кирди


Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтер бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекс агенттигинин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

Ал эми жылуулуктун бир гигакалориясы 917 сом деп эсептелди.

Энергетика министрлиги жаңы тарифтердин долбоорун 14-октябрда коомдук талкууга алып чыккан болчу. Андан мурун электр кубатын үч фазада колдонгондор 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөөнү караган тариф сунушталып, бирок сот аны мыйзамсыз деп тапкан соң өкмөт жокко чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG