Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

“ЭкоИсламикБанкты” карактоо боюнча экинчи шектүү кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 23-ноябрда борбордо аталган банктын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан филиалын карактоого эки адам катышкан. Буга чейин кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчисине издөө жарыяланган болчу. Ага ылайык, 10-декабрда 30 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Бул эки адам банкка тапанча менен кирип барып, кызматкерлерди коркутуп, 1,5 миллион сом, 15 миң доллар, 174 миңге жакын теңге жана 1,5 миллион орус рублин алып кеткен. Каракталган каражат банкка кайтарылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG