Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

РБК: Путиндин Ташкенге болгон сапарында Ошко газ берүү маселеси чечилген жок


Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ташкендеги сапары учурунда Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселеси чечилген жок. Бул тууралуу орусиялык “РБК” агенттиги жазып чыкты. Агенттик орусиялык делегация мүчөсүнө шилтеме берип, "Кыргызстандын түштүгүнө газды жандантуу боюнча маселеге кошумча убакыт керек болуп калды" деп жазды.

Владимир Путин Ташкенге 10-декабрда бир күндүк сапар менен келген. Сапар учурунда эки өлкө президенттери Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин талкуулашы мүмкүн экенин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыккан.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” саткан. Апрел айында өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орус компаниясы менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. Ошондон бери Ош шаары газсыз отурат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG