Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Бишкек милициясы кыйноо боюнча айыптоого жооп кайтарды


Бишкек шаардык милициясы Адылжан Чонахунов аттуу жарандын айыптоосуна четке кагууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын маалымат кызматынан өкүлү Олжобай Казыбаев билдирди. Анын айтымында, Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери менен бирге бейкүнөө адамдарды баңгизат менен карматып жүргөнүн айтып чыккан Чонахунов өзү баңгизат колдонуп жүргөн. Ал бейкүнөө кармалды деп жаткан адамдар да маңзат колдонгондор болгон. Ал эми Чонахунов "мени кыйноого алды" деп жаткан милиция кызматкери буга чейин пара менен кармалып, кызматтан бошотулган. Мындан улам шаардык милиция Чонахуновдун бүгүнкү билдирүүлөрү жалган экенин айтууда.

Бүгүн Бишкектин тургуну Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери менен бирге бейкүнөө адамдарды баңгизат менен карматып жүргөнүн айтып чыккан эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG