Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Орусия аннекциялап алган Крымдын башчысы Сергей Аксенов Индияга иш сапары менен барган Владимир Путинди коштоп жүрөт. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, Аксенов мумбайлык бизнесмен менен бейформал жагдайда соода-сатык жаатында сүйлөшүү өткөргөн.

Индия Орусияга каршы Батыш өлкөлөрү жарыялаган санкцияларга кошулган эмес.

АКШ президенти Барак Обама январда Индияга иш сапары менен барат. Сергей Аксеновдун Орусия делегациясы менен кошо барганы Индия-АКШ сүйлөшүүлөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Путин Индия сапары учурунда энергетика, коргонуу жана соода маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG