Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Электрдин жаңы баасы чөнтөктү эңшереби?


Жаңы тарифтер 2014-жылдын 11-декабрынан тарта күчүнө кирди.
Жаңы тарифтер 2014-жылдын 11-декабрынан тарта күчүнө кирди.

11-декабрдан баштап энергияны 700 кВт. саатка чейин колдонгон жеке турак жай ээлери 70 тыйындан, андан ашыкча короткондор 2 сом 5 тыйындан төлөй баштайт.

Өндүрүш тармагындагылар, бюджеттик мекемелер, чарба жана башка менчик ишканалар болсо, 2 сом 19 тыйындан төлөй баштамакчы. Жылуулуктун бир гигакалориясы 917 сом деп эсептелди. Өкмөт муну электрдин өздүк баасы ушундай экени менен түшүндүрүүдө.

Ал арада бул кымбаттоо карапайым тургундар үчүн ашыкча түйшүк алып келет деген пикирлер айтылууда. Бул айрыкча газсыз отурган Ош жана Жалал-Абаддын тургундары үчүн оор болчудай.

Газсыз отургандарга ашыкча түйшүк

Жалал-Абаддын тургуну Керим Асанов жарыкка баанын өсүшүн угары менен базарга жөнөдү. Ал Чаткалдан келип, бир канча убактан бери калаадагы жер тамдын бирин ижарага алып, үй-бүлөсү менен жашап жаткан болчу:

- Темир меш сатып алууну чечтим. Эми көмүр жагууга туура келет. Буга чейин үйдү электр меши менен жылытып жүргөн элек. Тарифтерди болсо көтөрүп салышты. Жок дегенде Ош менен Жалал-Абаддын элине жазга чейин жеңилдик беришсе болмок, ансыз да газы жок отурабыз. Айлыгым да чеке жылытпайт.

8-декабрда Жалал-Абадга берилүүчү жергиликтүү газдын басымы төмөндөп кетип, шаардагы 20 миң колдонуучунун 3 миңине көгүлтүр от берүү токтотулган. Ал эми Ош шаарында болсо быйыл Өзбекстан жазда токтотуп койгондон бери газ жок.

Ош шаарынын тургуну Зулфия Саматова да алдыдагы төлөмдөрдү эсептеп, бушайман болуп жатканын айтууда:

- Үнөмдөгөнгө аргасызбыз. Азыр тамакты электр плитага бышырабыз. Жылуулук түтүктөрү өтө жакшы ысыбагандыктан, электр мешин колдонобуз. Жаңы баа менен төлөгөнгө каражаты жетиштүү кишилер бар, бирок биз сыяктуу карапайым калк кыш мезгилинде кыйналып калат.

Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок.
Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок.

Энергетика министрлигинин өткөн жылдын январь айындагы эсептөөлөрүнө ылайык, беш-алты киши жашаган үй-бүлө бир айда орточо 692 киловатт саат энергия колдонот. Ал эми үйүн такай электр меш менен жылыткандардын эсеби 700 киловаттан бат эле ашып түшчүдөй.

Жылуулукка тарифтер мурда гигакалориясына 1557 сомдон, аянтына 917 сомдон төлөнгөн. Жаңы тарифке ылайык, бирдиктүү баа 917 сом болуп бекитилди.

Тариф дагы жогорулашы күтүлүүдө

Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекси агенттигинин жетекчиси Нурбек Элебаев жаңы баа адистердин ар тараптуу эсептөөлөрүнүн кийин сунушталып, күчүнө киргенин билдирди:

- Декабрь айы үчүн бүт керектөөчүлөр эки түрдүү тарифте акы төлөшөт. 10-декабрга чейин колдонулган жарык үчүн мурдагы баа менен, 11-декабрдан тарта жаңы баа менен төлөйт. Жаңы тарифтер боюнча элге түшүнүктүү болушу үчүн убактылуу нускама иштеп чыктык. Ал интернеттеги regulatortek.gov.kg деген сайтыбызга жайгаштырылды. Жарандар каалаган убагында маалымат алып турса болот.

Жарандар арасында бааларды жаңы тарифке ылайык төлөөгө макул болгондор да бар. Бирок алар ошого жараша жарыкты да өчүрбөө керектигин белгилешет.

Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Токтогул ГЭСиндеги суу тартыштыгына байланыштуу кыргыз бийлиги Казакстандан электр энергиясын сатып алууга макулдашкан. Анын баасы 5 сом 61 тыйындан болору кабарланган. Кымбат баада келген импорттук электр энергиянын айырмасын төлөө жергиликтүү компанияларга жүктөлгөн.

Өкмөт жаңы тарифтер электр тармагындагы чыгашанын 58% жабарын билдирген. Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекс агенттигинен билдиришкендей, апрелден тарта баалар дагы 20% өсөрү күтүлүүдө. Эгер ал ишке ашса, жарандар 700 кВт. саатка чейин 84 тыйындан төлөйт.

Энергетика министрлиги жаңы тарифтердин долбоорун 14-октябрда коомдук талкууга алып чыккан. Андан мурун электр кубатын үч фазада колдонгондор 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөөнү караган тариф сунушталган. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов өкмөттүн бааны көтөрүү боюнча токтомун сотко берип утуп алган болчу. Анын артынан өкмөт Жогорку Сотко доо арыз жолдогон. Иш январь айынын орто чендеринде каралышы күтүлүүдө.

Ал эми Ош шаарына өзбек тарап качан газ берери белгисиз бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 10-декабрда болгон Ташкенттеги сапары учурунда Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселеси чечилбеген бойдон калганын орусиялык РБК агенттиги жазып чыкты.

Агенттик орусиялык делегация мүчөсүнө шилтеме берип, "Кыргызстандын түштүгүнө газды жандантуу боюнча маселеге кошумча убакыт керек болуп калды" деп жазды.

XS
SM
MD
LG