Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Депутат менен бирге айыпталган дарыгердин өлүмүн иликтөө башталды


Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева менен бирге айыпталып жаткан Ош шаарындагы Кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсаловдун өлүмүн иликтөө башталды.

Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, дарыгердин сөөгү бүгүн өз үйүндө асылып турган жеринен табылган. 64 жаштагы Байсалов өз жанын өзү кыйганы айтылууда.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаева менен Акылбек Байсаловго каршы кылмыш ишти ноябрда козгогон. Аманбаева аталган борбордо башкы бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG