Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Кыргыз хоккейчилери Сочидеги мелдешке катышат


Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы “Хоккей жомогу” аталышындагы Евразия кубогу үчүн эл аралык мелдешке даярданууда. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов билдирди. Анын айтымында, мелдеш 20-29-декабрда Орусиянын Сочи шаарында өтөт.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Латвиянын курамалары жана Орусиянын Казан, Москва, Ярославль, Магнитогорск, Санкт-Петербург жана Ангарск шаарларынан жалпысынан 12 команда катышат.

“Хоккей жомогу” аталышындагы эл аралык мелдешке барууга жол кире үчүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан 800 миң сом бөлүнгөн. Калган чыгымдарды демөөрчүлөр жана спортчулардын ата-энелери көтөрүүдө.(ECh/BkA)

XS
SM
MD
LG