Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Кытайда жоголгон вьетнамдык жүз аял изделүүдө


Кытай полициясы өлкөдө ың-жыңсыз жоголгон Вьетнамдан келген 100 аялды издөөдө. Аялдар Кытайга таанышуу агенттиги аркылуу Хэбей провинциясынын тургундарына күйөөгө чыгуу максатында келишкен.

Вьетнамдык аялдар макулдашылган маалда келбегендиктен, хэбейлик күйөө болчу эркектер ортомчу аялдын үйүнө барышканда ал да дайынсыз жоголгону анык болгон. Ортомчу кытайлык эркектердин ар биринен өз кызматы үчүн 100 миң юань (16 миң АКШ доллар) акы алган.

Полиция аялдардын чогуу жоголгонуна уюшкан кылмыш тобунун тиешеси бар экенин да четке какпайт.

Кытайдын айыл жерлеринде өкмөттүн “бир бала” саясатынын натыйжасында гендерлик дисбаланс жаралган. Көпчүлүк үй-бүлө эркек мураскор каалагандыктан, кыздардын төрөлүшү кескин азайып кеткен.

Кытай медиасы маалымдагандай, элеттеги эркектер кытай кызына үйлөнүү үчүн кеминде эле 400 миң юань (60 миң АКШ доллар) сарптайт. Андыктан көпчүлүк кытай эркектери чет жактан аял “сатып алууга” кызыкдар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG