Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

“Азаттыктын” азери кызматынын журналисти камакта калтырылды


Азербайжандын апелляциялык соту журналист Хадижа Исмаилованы эки айга камоо чечимин күчүндө калтырды.

5-декабрда Баку шаарынын Сабаил райондук сотунун чечими менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова адамды өмүрүн кыйганга жеткирген деген айып менен эки айга камалган.

Исмаилованын адвокаты Элтон Гулиев козголгон кылмыш иши журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып келет.

Хадижа Исмаилова Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору.

XS
SM
MD
LG