Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Беш өлкө эңсеген темир жол


Иран-Кытай темир жолунун курулушу көптөн бери айтылып келет.
Иран-Кытай темир жолунун курулушу көптөн бери айтылып келет.

Иран, Ооганстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай төрт жылдан бери өз ара талкуулап келаткан темир жол куруу долбоорунун алгачкы документине кол коюлду.

9-декабрда Дүйшөмбү шаарында өткөн талкууда курула турган эл аралык темир жолдун маршрутунун алгачкы планы талкууланды.

Тажикстан менен Кыргызстан темир жол рельстерин Европа стандартына өткөрүү керектиги аныкталды.

Ооганстан, Тажикстан, Кыргызстанды аралап өтө турган Иран-Кытай темир жолун куруу тууралуу төрт жыл мурда сөз башталганы менен, алгачкы макулдашуу жыйыны 9-декабрда Дүйшөмбү шаарында жыйынтыкталды.

Эл аралык темир жол долбоорун демилгелеген Иран, талкууда аталган жол эң оптималдуу альтернативдүү жүк ташуучу линияга айланат деп ишендирди.

Эл аралык жолдун курулушуна Ооганстан да кызыкдар экенин билдирип келет. Себеби, анын эң көп бөлүгү, тагыраак айтканда, 1148 чакырым аралыгы ооган шаарларын аралап өтөөрү пландалууда.

Ооганстан өкүлчүлүгү беш тараптуу жолугушууга алдын ала даярдалган маршрут планын да даярдап келген. Бирок дал ушул өлкө боюнча коопсуздук жаатында бир катар талаш суроолор жаралууда.

Ооганстандын темир жол башкармалыгынын башчысы Ямо Шамс өз кезегинде ооган бийлиги жолдун коопсуздугуна кепилдик берип, алгачкы иштерге 3 миллион АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин айтты:

- Биздин өлкө темир жол курууда коопсуздук жагынан кепилдик берет. Жолдун багыты боюнча айтсам, Ооганстанда жол Гераттан башталып Майман, Шибирган, Мазари, Кундуздан Шерхан-Бандарга чейин созулат. Бул өлкөдөгү эң тынч аймактар. Жолдун курулушу көп адамдарды иш менен камсыз кылат.

Тажикстандын транспорт министринин биринчи орун басары Шерали Ганжалзода болсо Дүйшөмбүдөгү талкууда ар бир тарап иш алып баруу пландары менен бөлүшкөнүн билдирди:

- Тажикстанда жол Ылдыйкы Пянждан башталып, Руми, Яван, Вахдат, Файзабад жана Жерге-Тал райондору аркылуу Кыргызстанга өтүп кетет.

Эксперттер эгер долбоор ишке ашып калса, бул багыт Борбор Азиядагы бийик тоо аралаган алгачкы темир жол болуп каларын айтышууда.

Дүйшөмбү жолугушуусунда темир жол рельстерине байланыштуу маселеге да чекит коюлду. Тажикстан менен Кыргызстандын темир жолдун долбоорго кирген аралыктарын эл аралык стандартка өткөрүүсү макулдашылды. Эгер советтик талап боюнча эки рельстин аралыгы 1520 мм. болсо, эл аралык стандартта ал бир аз куушураак келип 1435 мм.

Беш тараптуу жолугушууда алгачкы протоколдорго кол коюлду. Эми алты айдан кийин Бишкекте долбоорду каржылоо маселеси боюнча жыйын өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстан бул жол Өзбекстан, Казакстан аркылуу өтчү багыттарга альтернатива болот деген үмүттө.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG