Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Электрдин кымбатташына каршы акция өтөт


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөргөнү жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Ал электр жана жылуулук энергиясынын баасы кымбаттаганына байланыштуу протест билдириш үчүн сырткы кийимин чечип чыгарын айтууда.

Айлык көбөйбөгөн шартта тарифти жогорулатуу туура эмес экенин айткан активист бул маселе боюнча чечим кабыл алууда “өкмөт элдин абалын эске албай койду” деген пикирин билдирди.

Кечээтен тарта Кыргызстанда электр жана жылуулук энергиясы кымбаттады. 700 киловатт/саатка чейин пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашса 2 сом 5 тыйындан төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG