Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстанда эндаумент-фонд түзүү келечеги талкууланат


Кыргызстанда эндаумент-фонддорду түзүүнүн келечеги кандай? Бул маселеге арналган талкуу бүгүн Бишкекте өтөт. Анын уюштуруучусу – Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт.

Талкууга коммерциялык эмес жана кайрымдуулук уюмдардын, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышат.

Институттун жетекчиси Талант Султановдун “Азаттыкка” айтымында, мындай фонд түзүүнүн моделдери университеттердин биринин жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мисалында талкууланганы жатат.

Эндаумент-фонддо негизги каражат ишенимдүү бир компанияга иштетүүгө берилип, андан түшкөн пайда гана кайрымдуулукка жумшалгандыктан башкы сумма ар дайым сакталып тура берет. Кирешеге салык салынбайт. Каржылоо адатта билим берүү, медицина, маданият жана илим тармагында жүргүзүлөт.

Мындай ишмердүүлүктүн классикалык мисалы катары Нобел сыйлыгын келтирсе болот. (RK)

XS
SM
MD
LG