АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги USAID бүгүн Кыргызстанда Улуттук адабият күнүн өткөргөнү жатат. Иш-чаранын максаты - Чыңгыз Айтматовдун залкарлыгын даңазалап, окуучуларды анын эмгектери менен тааныштыруу жана коомчулуктун китеп окууга кызыгуусун арттыруу экенин аталган агенттиктен кабарлашты.
Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы башталгыч класстарда ачык сабактар, көркөм окуу, сүрөт сынактары, китеп жарманкеси жана адабий кечелер өтөт.
Акция залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүгүнкү туулган күнүнө арналууда. Мындай иш-чара АКШ агенттигинин демилгеси боюнча былтыр да 12-декабрда өткөн болчу. (RK)