Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Орусия Индияга атомдук станция куруп берет


Орусия Индияда атомдук электр станция курууга катышат. Бул тууралуу макулдашууга кечээ орус президенти Владимир Путиндин Индиядагы бир күндүк расмий сапары учурунда кол коюлду. Ошондой эле Индия келерки жылдан тарта Орусиядан мунай сатып алып турмай болду.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменти Путинди Индияга коштоп барган расмий делегациянын курамында Крымдын жетекчиси Сергей Аксенов да болгонуна тынчсыздануу билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Женифер Псаки 11-декабрда Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

- Путин башында турган делегациянын ичинде Сергей Аксенов да бар деген маалымат бизди кабатыр кылууда. Индиянын Тышкы иштер министрлиги бул сапар тууралуу кабары жок экенин билдирди. Бирок биз дагы түшүндүрмө күтөбүз, - деди.

Айрым маалыматттарга караганда Аксенов индиялык ишкерлер менен кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Быйыл жазында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн кескин сынына кабылып, эл аралык укук нормаларын бузганы үчүн катуу санкцияларга туш болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG