Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Ош: дарыгердин өлүмү боюнча экспертиза дайындалды


Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева менен бирге айыпталып жаткан Ош шаарындагы Кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсаловдун өлүмү боюнча экспертиза дайындалды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, учурда Байсаловдун өлүмүнүн себеби такталууда.

64 жаштагы Акылбек Байсаловдун сөөгү кечээ өз үйүндө асылып турган жеринен табылган.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаева менен Акылбек Байсаловго каршы кылмыш ишти ноябрда козгогон. Аманбаева аталган борбордо башкы бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат.(YI/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG