Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Кыргызстанда күйүүчү май баасы төмөндөдү


Акыркы аптада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасында арзандоо байкалды. Бул тууралуу өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында АИ-80 маркасындагы бензинге 40 тыйын, АИ-92 1 сомго, АИ-95 2,2 сомго жана АИ-98 үлгүсүндөгү күйүүчү май 2 сомго арзандады. Мындан сырткары дизелдик отунга баа 1 сомго арзандады.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, күйүүчү майдын баасы жыл башынан бери 11 пайызга көтөрүлдү. Башкача айтканда, күйүүчү май литрине 4,3 сомго чейин өскөн. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG