Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Жалал-Абадда динчилдер эркек акушерлердин иштешине каршылык билдирүүдө


Жалал-Абаддагы “Ислам таалими” коомдук бирикмеси облустагы акыйкатчынын өкүлүнө төрөтканаларда эркектердин иштешине каршылык билдирип кайрылуу жолдоду.

Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин жетекчиси Дилмурат ажы Орозов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шариятта аял киши уяттуу жерин бекитип гана тим болбостон, эркек кишинин көзүнө тик кароого болбойт. Ошондуктан, эркек акушерлердин төрөттү кабыл алышы дин эрежелерине туура келбейт.

Диний уюмдун жогорудагыдай өтүнүчү тиешелүү органдарга жеткирилгенин акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова билдирди. Облустук оорукана жетекчилиги болсо бул кайрылуу туура эмес экенин, акушерлер үчүн эне-баланын саламаттыгы маанилүү экенин белгилешүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG