Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Улутташтырылган объекттердин 80 пайызы боюнча сот жүрүүдө


2010-жылдагы Апрель окуясынан соң улутташтырылган объекттердин көпчүлүгү боюнча соттошуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Дүйшөн Ирсалиев билдирди. Анын айтымында, ыңкылаптан соң улутташтырылган объекттердин бир бөлүгү мамлекет карамагында болсо, бир бөлүгү аукцион аркылуу сатылган. Бирок улутташтырылган объекттердин 80 пайызы боюнча учурда сот иштери жүрүп жатат.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан соң Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде 47 объект улутташтырылган. Алардын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык бир нече пансионат, өлкөдөгү ири “Альфа Телеком” уюлдук компаниясы бар. Буга чейин Жогорку Кеңеш улутташтырылган объекттердин бир нечесин тендер аркылуу сатууга уруксат берген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG