Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Стамбулда кыргыз ишкерлеринин форуму өтүп жатат


Түркия, Орусия, Казакстан, Жапония жана башка өлкөлөрдө иш алып барган кыргызстандык ишкерлер 12-13-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында 3-дүйнөлүк форумга чогулушту. Анда Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы талкууланып жатат.

Иш-чаранын бүгүнкү бөлүгүндө Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки жергиликтүү ишкерликтин абалы, Бажы биримдигинин ишкерликке берүүчү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болууда. Мындан тышкары Бажы биримдигине кирген учурда Кыргызстандын салык жана бажы мыйзамдарына киргизилчү өзгөртүүлөр да кеңири талкууланмакчы.

Буга байланыштуу суроолорго кыргыз өкмөтунүн өкүлдөрү жооп бермекчи. Форумга расмий бийликтен премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчи орун басары Мукай Кадыркулов, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева, Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков катышууда.

Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому, Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Кыргызстан менен Түркиянын соода-өнөр жай палаталары тарабынан уюштурулууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG