Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Обама: Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө шашылбоо керек


Кошмо Штаттардын президенти Барак Обаманын айтымында, жаңы чаралар Америка менен Европанын ортосундагы пикир келишпестикке алып келиши мүмкүн.

Мыйзам чыгаруучулар менен жолугушуусунда Обама АКШнын Европа менен биргеликте жүргүзүп жаткан азыркы тышкы саясаты акыры Орусиянын президенти Путинди Украинанын чыгышындагы окуялар боюнча чечимин өзгөртүүгө түрткү берерин белгиледи.

“Биз санкцияларды мындан ары да кеңейте берүүбүздөн улам Путин өз оюн өзгөртөт деген жаңылыштык", - деди АКШ лидери.

Обама эгер Орусия Америка жана Европанын ортосундагы пикир келишпестик жок экенин билсе, кайсы бир мезгил өткөн соң өз экономикасына келтирилген зыян бардык стратегиялык артыкчылыктан жогору турганын түшүнөт деп эсептейт.

АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды ушул жылдын март айында Москва Крымды аннексиялап алган соң киргизишкен.

Чектөөлөрдүн кийинки айлампасы ушул эле өлкөлөр тарабынан Орусия Украинанын чыгышындагы жаңжалга кийлигишип баштагандан кийин кабыл алынган.

Кремль бул жаңжалга эч тиешеси жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG