Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Бажы биримдигине кирүү тууралуу келишимге Алмазбек Атамбаев кол коет


Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия эркин экономикалык аймакка кирүүсү тууралуу келишим 23-декабрда Москвада түзүлөт. Ага кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу Стамбулда өтүп жаткан Кыргызстандык ишкерлердин 3-дүйнөлүк форумунда КР премьер-министринин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратов билдирди. Анын айтуусунда мамлекет башчылар кол койгондон кийин келишим биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан ратификацияланууга тийиш. Ошондуктан, Кыргызстандын Бажы биримдигинде иш алып баруусу 2015-жылдын жазынан башталышы ыктымал.

Олег Панкратовдун маалыматы боюнча Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия Эркин экономикалык аймагына кирүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабы 11-декабрда болуп өттү. Ага кыргыз тараптан вице-премьер-министр Валерий Диль катышты.

Бүгүн Стамбул шаарында Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 3-форуму өтүүдө. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенден кийинки экономикасы жана ишкерликтин абалы тууралуу кеп болуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG