Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Аманбаеванын адвокаты дарыгердин өлүмүнө прокуратураны айыптады


Кылмыш иш козголгон Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын адвокаты Нургазы Сыдыков дарыгер Акылбек Байсаловдун өлүмү үчүн Башкы прокуратураны айыптады.

Бул тууралуу бүгүн адвокат тараткан билдирүүдө айтылат. Анда адвокат Акылбек Байсалов бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн одоно мыйзам бузуусуна, зомбулугуна жооп ирети аргасыз өз өмүрүн кыюуга барды деген пикирин билдирди. Сыдыков «Байсаловдун бейажал өлүмүнө түздөн түз себепкер катары жогорудагы аты аталган тергөөчүлөрдү жана аларды ошондой ыкма менен тергөө жүргүзүүгө түрткөн баш прокурор Аида Салянованы көрөм" деп жазган.

Ал эми Башкы прокуратурадан адвокаттын айыптоосун четке кагып, бул боюнча текшерүү жүрөрүн кабарлашты.

64 жаштагы Акылбек Байсаловдун сөөгү кечээ өз үйүндө асылып турган жеринен табылган.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаева менен Акылбек Байсаловго каршы кылмыш ишти ноябрда козгогон. Аманбаева аталган борбордо башкы бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG