Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Польша АКШдан ракеталык комплекс сатып алды


Польшанын Коргоо министри Томаш Семоняк Варшаванын АКШдан узун аралыкка учуучу ракеталарды сатып алып жатканынын себебин соңку кездеги аймактагы чыңалган абалга байланыштырды.

Семоняк Балтика деңизинин аймагында Орусиянын аба күчтөрүнүн жана аскерий деңиз флотунун аракеттерин “буга чейин болуп көрбөгөндөй” деп баалады.

11 - декабрда эки тараптуу 250 миллион долларлык келишимге кол коюу аземинде сүйлөп жатып министр жаңы америкалык ракеталар Польша биринчи жолу сатып алып жаткан эң жаңы аскерий техника экенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти келишимди октябрь айында жактырган. Ракеталык комплекстерди жеткирүү кийинки жылы башталат, ал эми 2017-жылы колдонууга берилет.

XS
SM
MD
LG