Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Жалал-Абадда журналисттин атын көчөгө ыйгаруу демилгеленди


Аймактагы журналисттер мэрияга жана шаардык кеңешке кайрылуу жолдошту.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Кайрылууда журналисттер жергиликтүү басылмада фото кабарчы болуп иштеген маркум Маматназар Аширбаевдин ысымын Жалал-Абад шаарындагы Чуст көчөсүнө ыйгарууну суранышкан.

Аширбаев союз мезгилинде СССРдин «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Кайрылууга Жалал-Абадда жашап, иштеген он журналист кол койгон. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG