УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү шаардык мэриянын алдындагы "Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын автоунаасынын жетишсиздиги боюнча фактыны аныктады.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылы жыл сайын болуучу инвентаризациянын жүрүшүндө, ишкананын жооптуу адамдары 850 миң сомдук автоунаанын жетишсиздигин атайын жашырышкан.
Аталган факт боюнча УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (мүлктү менчиктештирүү же чыгымдоо) менен кылмыш иши козголду. (RsK)