Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

БУУ: Украина чыр-чатагында төрт миңден ашык адам өлдү


БУУнун акыркы эсептөөлөрүнө ылайык, Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин согушунан 4 миң 634 адам набыт болуп, 10 миң 243 адам жарадар болгон.

Бириккен улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында апрелден берки согуштун кесепетинен жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. 542 миң адам Украинанын өзүндө жер которсо, 568 миң адам башка өлкөлөргө качкын болуп кеткен. Тактап айтканда, 466 миң украиналык Орусияда жүрөт.

Баяндамада учурда чыр-чатакка кооптуу жерлерде беш миллиондон ашык адам жашап жатканы белгиленген. Украинанын чыгышында ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин дагы жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган. Курман болгондордун ичинде украиналык солдаттар, аскерий топтордун жоокерлери, орусиячыл жикчилдер жана жай тургундар бар. Ушул жылдын 5-сентябрында козголоңчулар менен куралдуу күчтөр ок атышпоого макулдашкан. Ага карабай айрым аймактарда атышуулар орун алып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG