Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Чет жерде иштеген ишкерлер уюмун түзүү сунушталды


Кечээ, 13-декабарда Стамбулда өтүп жаткан кыргыз ишкерлеринин форуму жыйынтыкталды. Анда негизинен Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы талкууланып, кыргыз ишкерлеринин башын бириктирген уюм түзүү демилгеленди.

Кыргыз ишкерлери чогулуп жаткан 3-форумга расмий бийликтен премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Мукай Кадыркулов, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева, Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков катышты.

Өкмөттүн өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган программасын тааныштырып, ишкерлердин Бажы биримдиги боюнча суроолоруна жооп беришти. Форумга Түркия, Орусия, Казакстан, Жапония жана башка өлкөлөрдө иштеген элүүдөн ашык кыргызстандык ишкерлер катышты. (ZKo/TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG