Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Экстремисттик китептер менен казакстандык жаран кармалды


Казакстанда карактоого шектелип издөөдө жүргөн 27 жаштагы Н.Орынбасар аттуу жаран Ысык-Ата районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кармалган жарандын Кыргызстанда жашап жүргөн үйүнөн жасалма курал-жарак, ок-дары, жети экстремисттик маанайдагы китеп, 28 компакт-диск жана курал жасоо боюнча көрсөтмө табылган.

Алдын ала иликтөөгө ылайык кармалган жаран колго жасалган курал-жарактар менен экстремисттик кылмыш жасоону пландаган. Учурда ал камакка алынып, тергөө жүрүүдө. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG