Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Нарын: "Ак-Бечел" суу бөлүштүргүчү толук бүтө элек


2012-жылдын 27-октябрында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда расмий ачылган Нарын шаарын таза суу менен камсыз кылуучу “Ак-Бечел” бөлүштүргүчүнүн курулушу али бүтө элек.

Суу бөлүштүрүүчү жайдын курулушу 2009-жылы башталып, жалпы наркы 86 миллион 648 миӊ сомду түзгɵн. Ушул күнгө карата 80 млн. 976 миӊ сомдун жумушу аткарылды. Бул тууралуу маалыматты Нарын шаардык басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, иш жүрүп жатат. Жергиликтүү суу берүүчү жайдын ишке кирбей турганын, шаарга кетчү суу түтүктɵрүнүн эскилиги жеткендиги менен байланыштырып келишет. Маалыматка ылайык, суу бөлүштүрүүчү жай толук иштөө үчүн кошумча 72 миллион сомдун долбоору түзүлгɵн.

Бүгүнкү күндө шаарда 1950-жылдары курулган суу берүүчү жай иштеп жатат. Буга чейин мэриянын адистери жаңы курулуп жаткан "Ак-Бечел" бардык шартка жооп берген жабдык менен камсыздалат деп маалымат берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG