Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Түркияда жыйырмадан ашуун журналист камакка алынды


Түркияда оппозициячыл диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шектелген ондогон медиа каражаттарынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйырмадан ашык журналист камакка алынды. Рейтер агенттиги кабарлагандай, алардын арасында “Samanyolu” маалымат борборунун башчысы Хидайет Каража жана “Zaman” гезитинин редактору Экрем Думанлы да бар.

Журналисттерге мыйзамсыз уюм түзүүгө жана өлкөдөгү бийликти кулатууга аракет кылган деген айып тагылууда. Алар менен бирге гүленчил делген бир катар маалымат каражаттарынын менеджерлери жана башка кызматкерлери да кармалганы кабарланды.

Стамбулда жана башка 12 шаарда тинтүүлөр болду.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Фетхуллах Гүлен саясий каршылаштар. Байкоочулардын айтымында, тинтип-камоо менен бийлик оппозициянын оозун жабуу аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG