Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Томск шаарында “ТВ-2” каналынын жабылышына каршы акция өттү


Томск шаарынын борборунда 14-декабрь күнү “ТВ-2” телеканалынын жабылышына нааразы болгон жарандар пикетке чыгышты. Аталган канал лицензиясы бүткөнүнө байланыштуу 2015-жылдын 1-январынан тарта эфирге чыгууну токтотуу жөнүндө буйрук алган.

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга эки миң киши катышты. Милициянын эсебинде бир жарым миң чамалуу адам топтолду. Алар телеканалдын жабылышына наарызылыгын билдирген кайрылуу кабыл алып, өкмөткө жибермей болушту.

“ТВ-2” каналы 1991-жылдан бери ишмердик жүргүзөт. “Томск облустук телерадиоберүүлөрдү обого узатуу борбору” ортодо түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтоткону айтылууда. Канал жетекчилиги бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылды. (SE)

XS
SM
MD
LG