Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы бүгүн жыйынтыкталат


Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалынын жыйынтыгы бүгүн, 15-декабрда чыгарылат. Анда эл аралык программа боюнча 13 тасма, ал эми улуттук 10 фильм көрсөтүлдү.

12-декабрь күнү башталган фестивалда калыстар тобун түркмөнстандык кинорежиссер Ходжакули Нарлиев жетектеп жатат. Уюштуруучулар маалымдагандай, чыгармачыл сынактын жыйынтыгында мыкты тасма жана мыкты режиссер тандап алынып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн атынан сыйлыктар тапшырылат. Жалпы байге фонду 500 миң сом.

Кыска метраждуу кинолор фестивалы Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Аны «Айтыш» коому, Кыргызстандын кинематографисттер союзу жана Кинематография департаменти уюштурат. (SE)

XS
SM
MD
LG