Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

АКШ сенаты Украинага курал берүү боюнча мыйзамды жактырды


АКШ сенаты Украинага коргонуучу курал-жарак берүү жана Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 13-декабрь күнү жактырды. Ал президент Барак Обама кол койгондон соң күчүнө кирет. Ак үй азырынча мыйзам долбоору боюнча пикирин билдире элек.

Аталган мыйзам Украинага 350 миллион долларлык курал-жарак жеткирүүгө уруксат берет, бирок президентке бул боюнча эч кандай милдеттенме жүктөбөйт.

Ошондой эле мыйзамда Орусияга каршы энергетика жана коргонуу жаатында да жаңы санкциялар жазылган. Анын ичинде “Рособоронэкспорт” компаниясынын товарларына да санкция киргизилген. Бирок, АКШ президенти улуттук коопсуздукка байланыштуу аны колдоого албашы да мүмкүн экени айтылууда.

Орусиянын тышкы иштер министринин орунбасары Сергей Рябков бул мыйзам долбоорун “Орусияга каршы маанайдын күчөшү” катары баалады. (SE)

XS
SM
MD
LG