Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

“Дүйнө сулуусу - 2014” наамын Түштүк африкалык айым жеңип алды


"Дүйнө сулуусу - 2014" наамын алган түштүк африкалык Ролен Стросс жана Венгрия менен АКШнын сулуулары. Лондон, 14-декабрь.
"Дүйнө сулуусу - 2014" наамын алган түштүк африкалык Ролен Стросс жана Венгрия менен АКШнын сулуулары. Лондон, 14-декабрь.

Түштүк Африка Республикасынын 22 жаштагы тургуну, медициналык окуу жайдын студенти Ролен Стросс “Дүйнө сулуусу – 2014” таажысын кийди. Сулуулар сынагынын финалы 14-декабрь күнү Лондон шаарында өттү. Жеңүүчүгө сыйлыкты былтыр бул титулду жеңип алган филиппиндик Меган Янг тапшырды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Венгрия менен Америка Кошмо Штаттарынан келген сулуулар ээледи.

Сынакка дүйнөнүн булуң-бурчунан 124 сулуу катышты. Кыргызстандан 24 жаштагы Айкөл Аликжанова барган.

Лондондо 20-ноябрда чогулган кыздарга финалга чейин кайрымдуулук иш-чарасы, спорттук таймаш, улуттук кийим жана талант көрсөтүү тапшырмалары боюнча упай топтоого мүмкүнчүлүк берилген.

«Кыргызстан сулуусу-2014» наамынын ээси - Айкөл Аликжанова дүйнөлүк сынакта Кыргызстандын атын алып чыккан 3-катышуучу. Былтыр 18 жаштагы Жибек Нукеева барган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG