Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатак азайды


Бул тууралуу өткөн жума соңунда Ошто эки мамлекет чек арачыларынын жолугушуусундагы баяндамада айтылды. Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери чек арада 5 жаңжал болгон. Анын төртөөндө курал колдонулуп, эки өлкөдөн бирден жаран каза тапты. Өткөн жылы 13 жолу чыр-чатак катталган эле.

12-декабрда Ош шаарында өткөн жолугушууга кыргыз тараптан Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орунбасары Искендер Мамбеталиев, өзбек тараптан чек ара иштери боюнча мекеме башчысынын орунбасары Насирбек Усманбеков катышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мыйзам көп бузулган аймактарды чогуу кайтарууну күчөтүү боюнча макулдашылганын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди:

-Тараптар аткезчиликке каршы күрөшүүнү жандантуу жаатында сүйлөшүштү. Андан сырткары, 2015-жылга карата кызматташууну кеңейтүү боюнча комплекстүү план иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Кыргызстан Өзбекстан менен 1378 километрдей аралыкта чектешет. Анын 371 километрден ашыгырагы тактала элек. Делимитация жана демаркация иштери бир канча жылдан бери аягына чыкпай келүүдө. 2010-жылдан бери коңшу өлкө эки жака каттоого чектөө киргизген. Жарандар тигил же бул мамлекетке атайын чакыруу кагазы менен гана өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG