Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Ноокатта дыйкандар түрк фирмасына нааразы болууда


Ноокатта дыйкандар түркиялык “Сунел табак” компаниясы тамекинин түшүмүн арзан баалап жатканын айтып, нааразы болууда. Жашоочулар билдиргендей, фирма сапаттуу тамекини да экинчи-үчүнчү сорт катары кабыл алып жаткандыктан, жыйналган түшүм дагы эле үйлөрдө турат. Ал эми компания дыйкандар жазында жаңы стандарттар боюнча келишимге кол койгонун негиз кылууда.

Ноокатта 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жаткан “Сунел табак” фирмасы быйыл тамеки жалбырагынын жогорку сапаттагыларын 95 сомдон, ал эми 2-сорттогуларын 76 сомдон кабыл алууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, өткөн жылы аталган компания 4000 тонна чийки зат кабыл алган. Анын 17% биринчи сортту түзгөн. Ал эми 2012-жылы тапшырылган түшүмдүн 40% биринчи сорт болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG