Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Шыкмаматов: Кумтөр боюнча биз көнбөй турган талаптар коюлууда


“Центерра голд” Кыргызстан тарапка экологиялык дооматтардан баш тартуу, коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иштерди токтотуу талабын коюуда. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, меморандумдагы шарттарды ишке ашырууга “Центерра голд” өзү кызыкдар болбой жатат.

- Ар дайым кат жазып, меморандумда болгон шарттарды аткаруу боюнча сүйлөшөлү дегенде эле ар кандай талаптарды коюп жатышат. Ар кандай маселелер боюнча кат алышуу жолу абдан узарып кетти. Биз маселени кабыргасынан коюп, улутташтырабыз дегенден кийин алар да активдешип баштады, - дейт Шыкмаматов.

Өткөн апта Кумтөрдү улутташтыруу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Канада тарап менен айрым бир маселелерде орток пикир табыла электигин билдирген болчу.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Буга байланыштуу өкмөткө күзгө чейин кошумча дагы ондон ашык келишим түзүүнү тапшырган болчу. Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана ушул айда түзүлөт деп убада кылган эле. Ушул тушта ал дагы кошумча мөөнөт сурап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG