Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Канжар Кадыралиев Ошто ээн-эркин жүргөнү айтылууда


Бул тууралуу жабырлануучу Сактан Келдибаевдин эжеси Уулкан Келдибаева бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Канжар Кадыралиев анын инисине күн сайын чалып, ишти “кыргызча” бүтүрүүнү сунуштап жатат. Жабырлануучу тарап Ош милициясына ишенбей жатышканын белгилешип, ишти президент Алмазбек Атамбаев жана баш прокурор Аида Салянова өз көзөмөлүнө алуусун суранышты.

Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, прокуратура кызматкери Канжар башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Алардын айтымында, депутаттын агасы жеке ишкердин бизнесин тартып алуу үчүн курал менен опузалаган.

Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Кадыралиев учурда кайда экени белгисиз. Бирок анын жакындары анын эч жакка качпаганын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG