Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Сидней шаарындагы кафеде белгисиз куралчандар канча адамды барымтага алганы белгисиз. 15-декабрдагы телеберүүлөрдө кафенин терезесинен колун көтөрүп турган үч адам жана арабча жазуусу бар кара желек көрсөтүлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, алар кафенин ичинен октун үнүнө окшош добуштарды угушкан. Азырынча жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Алты сааттан берки барымтадан адегенде үч, анан эки адам качып чыкты. Премьер-министр Тони Эбботтун айтымында, жарандар саясий жүйөдөн улам барымтага алынышы ыктымал. "Биз барымтачылар менен байланыштабыз жана чатакты тынч жөндөө биздин максатыбыз”, -деп билдирди кабарчыларга Жаңы Түштүк Уэльс региондук полициянын комиссарынын орун басары Катерин Бөрн.

Австралиянын Network 10 телеканалы барымтадагы эки адам менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшкөндө, куралчандар кафеде эки жана шаарда эки бомба орнотушканын айтышкан эле.

Кафе жайгашкан Сиднейдин ортосундагы Мартин аянтын полиция курчоого алып, эч кимди өткөрбөй жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG