Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Аксы: малын уурдаткандар милицияга талап коюшту


Бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер башкармалыгына малын уурдаткан 100гө жакын жашоочу чогулуп, кылмыштын алдын алуу талабын коюшту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыл башынан бери Аксы районунда 25 уурулук фактысы катталып, 29 бодо мал, 10 жылкы, 209 кой жана төрт эчки жоголгон. Уурулук көбүнчө чек арада катталып, жоголгон малдын жарымы өз ээлерине кайтарылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG