Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Түркия: “Заман” гезити жана “Саманйолу” ТВсына жапырык жасалды


Түркиянын полициясы оппозициялык партияларга жакын медиа-булактарга каршы бир катар рейддерди өткөрдү.

14-декабрдагы рейд учурунда кеминде 24 адам кармалып, аларга “адамдарды коркутуп-үркөткөн”, “өкмөттү басып алуу үчүн атайын топторду түзгөн,” “жалган маалымат тараткан”, “бийлик адамдарын каралаган” деген айып тагылганы турат.

Камакка алынгандардын арасында президент Эрдогандын сынчысы, АКШда жашаган улама Фетхуллах Гүлен менен байланыштагы “Заман” гезитинин башкы редактору жана “Саманйолу” телеканалынын төрагасы бар. “Заман” гезитинин серепчиси Мумтазер Түрконе 14-декабрда "Чихан" жаңылыктар агенттигине интервью берди:

- Бул операция оппозициянын жана медианын оозун жабууга багытталды. “Заман” гезити жана “Саманйолу” телеканалы, анын редакторлору жана жетекчилиги коррупция менен паракорчулук тууралуу абдан олуттуу материалдарды жарыялаган. Эрдоган мырза медианы коркутуп, өз оппоненттерин тынчыткысы келет окшойт, - деди Түрконе.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини жана Кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Түркиядагы камакка алууларды “Европанын баалуулуктарына каршы аракет” деп сыпатташты. АКШ Мамдепартаменти Түркия өкмөтүнө кайрылып, алардын аракети басма сөз эркиндигин жана башка демократиялык баалуулуктарды бузбайт деп кепилдик берүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG