Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Сирия армиясы эки аскер базасын алдырды


Исламчыл согушчандар эки күнгө созулган катуу уруштан кийин Сириянын түндүк батышында өкмөттүк күчтөрдүн эки базасын басып алды. Идлиб провинциясындагы Вади Дейф аскер базасын “ал-Каида” менен байланыштагы “ал-Нусра фронту” жана башка исламчыл топтор басып алганын Сириядагы адам укуктарына көзөмөл салчу уюм жана анын активисттери билдирди.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун маалымдашынча, база үчүн болгон салгылашууда өкмөтчүл күчтөр 15 адамынан, оппозиция сегиз жоокеринен ажыраган.

Дамаскты Алеппо шаары менен тутуштырган кан жолдун боюндагы Вади Дейф аскер базасын согушчандар эки жылдан ашык убактан бери камалап жаткан. Сирияда 2011-жылдан бери жүрүп жаткан жарандык согушта 200 миңден көп адам курман болду.

XS
SM
MD
LG