Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанда Кloop.kg сайты жабылды


Кloop.kg редакциясынын маалыматы боюнча, ProHost компаниясы Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйругу менен аталган сайтты жаап жатканын билдирген маалымдама жөнөткөн. Редакциянын жазганына караганда, Кloop.kg бийликтин кысымынан улам сайттын ишин жана блог платформасын токтотууда. Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги алардын редакциялык саясатына мыйзамсыз кийлигишип жатканын да жазышкан.

Сайттын жабылышына “Казак жихадчыларынын балдары” тууралуу видеонун жарыяланышы себеп болгон. Ал видео Lenta.ru и Ren.tv сайттарында жалпыга жеткиликтүү экени айтылат.

Буга чейин Kloop.kg Байланыш агенттиги өлкөдөгү интернет-провайдерлерден “Казак жихадчыларынын балдары” тууралуу макалага тыюу салууну талап кылганын, мунун айынан сайт Кыргызстанда толугу менен ачылбай калуу коркунучунда экенин жазган. Учурда бул сайт ачылбай, редакциянын жабылышы тууралуу маалымат гана чыгууда.

Аталган сайттын редактору Улугбек Акишевдин "Азаттыкка" билдиришинче, алар өз маалыматтарын Фейсбук аркылуу таратып турмакчы.

Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги бул боюнча үн ката элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG