Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Австралияда барымта кризиси уланууда


15-декабрда Сидней шаарындагы кафеде белгисиз куралчан бир нече адамды барымтага алды. Барымтадагылардын бешөө качып чыкты. Дагы канча адам кармалып турганы белгисиз.

Премьер-министр Тони Эбботт жарандар саясий жүйөдөн улам барымтага алынышы ыктымал деген оюн билдирди:

- Биз кылмышкерлер эмне себептен буга барганын азырынча билбейбиз. Мунун саясий максаты барбы же жокпу аны да билбейбиз. Бирок кээ бир белгилер ал саясий негизден жасалган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө, - деди Эбботт.

Кафе жайгашкан Мартин аянтын полиция курчоого алып, эч кимди өткөрбөй жатат.

Австралиянын Network 10 телеканалы барымтадагы эки адам менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшкөндө, алар куралчандар кафеде эки бомба орнотушканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG