Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Эрдоган масс-медиага каршы жортуулга кийлигишпөөгө чакырды


Режеп Тайип Эрдоган.

Режеп Тайип Эрдоган.

Президент Режеп Тайип Эрдоган оппозициячыл медиага каршы Түркия полициясы жекшемби күнү өткөргөн рейдди саясий душмандардын “булганыч операцияларына” жооп деп, Евробиримдикти бул ишке киришпөөгө чакырды. Ал 15-декабрда телеканалдан сүйлөп, Брюсселди “өз ишиңди кыл” деди.

14-декабрдагы рейд учурунда кеминде 24 адам, анын арасында Эрдогандын сынчысы, АКШда жашаган улама Фетхуллах Гүлен менен байланыштагы “Заман” гезитинин башкы редактору жана “Саманйолу” телеканалынын төрагасы камакка алынган.

Камакка алууларды Европа Биримдиги жана АКШ сындаган. Евробиримдиктин өкүлү 15-декабрда жасаган билдирүүсүндө полициянын жортуулу “демократиянын негизи болгон медиа эркиндигине ылайык келбейт” деген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG