Kloop.kg мындан ары эл аралык сервер менен ишин улантышы мүмкүн экендигин “Азаттыкка” аталган басылмадан кабарлашкан болчу. Учурда сайт кайра иштей баштады.
15-декабрда ачылбай калган сайттын редакциясынын маалыматына ылайык, Кloop.kg бийликтин кысымынан улам убактылуу жабылган. Буга Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги алардын редакциялык саясатына мыйзамсыз кийлигишип жатканы негиз кылып көрсөтүлгөн. Сайттын жабылышына жакында жарыяланган казакстандык жихадчы балдар тууралуу тасма себеп болгон.
Башкы прокуратура жана Байланыш агенттиги бул боюнча комментарий бере элек. (SE)